Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өч алуу максатында бирөөнүн кырсыкка учурашына, оор, мүшкүлдүү ишке дуушар болушуна ичинен сүйүнүү, ырас болду деп ойлоо, көксөсү суу. Кырсыкка учураганда Акматтын табасы канып, үч күн кубанды («Ала-Тоо»). Мырзабайдын үйүнүн өрттөнгөнүнө Телебайдын табасы канды (Абдукаримов). Башын кесип калмактын, Табасы канды баатырдын («Курманбек»). Сегизбаев прокурор болсо четте карап, табасы канып турар (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өч алуу максатында бирөөнүн кырсыкка учурашына, оор, мүшкүлдүү ишке дуушар болушуна ичинен сүйүнүү. Кырсыкка учураганда Акматтын табасы канып, үч күнү кубанды («Ала-Тоо»). Мырзабайдын үйүнүн өрттөнгөнүнө, Телебайдын табасы канды (Абдукаримов). Башын кесип калмактын Табасы канды баатырдын («Курманбек»). В.: Табасы таш жаруу. Жакындап барса, кээ бирөөлөрү күлүп, кээ бирөөлөрдүн табасы таш жарат (Ашымбаев).